15.08.2019 10:45

Курсан Асановдун жактоочусу: Кашкар Жунушалиев орун басарын жаманатты кылгысы келди

Курсан Асановдун жактоочусу: Кашкар Жунушалиев орун басарын жаманатты кылгысы келди

Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов президентке жана премьер-министрге кайрылып,  ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевди кызматтан четтетүүнү суранды. Бул тууралуу анын тараткан кайрылуусунда айтылат. 

Жактоочу маалыматты таратпоого кол коюп бергенине байланыштуу учурда көп нерсени ачыктай албай турганын жазат. Ошону менен катар Асановдун ишин иликтөөдөгү айрым мүчүлүштүктөргө көңүл бурат. 

«Баса белгилеп кете турчу жагдай, эмне себептен ИИМдин ички иликтөө кызматынын жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгы Курсан Асановго тааныштырылбай туруп, алгач ЖМКларга чыгып кетти? Кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы шашылыш чыккан. Ал жыйынтыктар толук кандуу далилденген дагы эмес. Курсан Асановдун жана көптөгөн башка адамдардан түшүндүрүүлөр да алынган эмес.

Кызматтык иликтөөнүн бүтүмү Курсан Асановду кызматтык кылмышты жасады деп шектеп жатат. Анын жыйынтыгы тергөө жолу менен иликтенбей туруп ЖМКларга жарыяланышы ИИМ министри өзү кызматтынан пайдаланып, конституциялык айыпсыздык презумпциясынын принциптерин, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн регламентөө нормативдик укуктук актыларды бузууда.

Менин оюмда Кашкар Жунушалиев бул нерсени өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жасап, орун басары өзүнүн милдеттерин андан жакшы аткаргандыгы үчүн аны жаманатты кылгысы келди. Муну менен Курсан Асановдун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирилип милициянын кадыр-баркына доо кетти.

Мындан улам, мен тергөө калыс болуусу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн президенти, премьер-министрине кайрылып ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди кызматынан четтетүүнү өтүнөм. Себеби бул иштеги көп күбөлөр азыркы милиция кызматкерлери жана аларга кысым жасалышы мүмкүн», - дейт жактоочу.